Kayıt yaptırmak ve bildiri özeti göndermek için tıklayınız.
Урматтуу Эл аралык экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин катышуучулары;
Сиздерди 2021-жылдын 9-11-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинде уюштурулуп жаткан Экинчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессине чакырабыз.
Экинчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин максаты академиктердин изилдөөлөрүнө жана илимий иштерине сапаты жагынан жогорку деңгээлдеги салым кошуу, дисциплиналар аралык иштөө чөйрөсүн түзүү, теориялык жана колдонмо тармакта тажрыйба алмашуу, жана ошондой эле, экономика жана башкаруу илимдери жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо. Докладдарды түрк, англис, кыргыз жана орус тилдеринде даярдоого болот. Катышуучулар илимий иштерин оозеки (онлайн) түрдө 15 мүнөттүн ичинде презентация кылат.
Covid-19 пандемия процессинде дүйнөдө жана Борбордук Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерде экономикалык, коомдук жана саясий өзгөрүүлөр аттуу негизги теманын алкагында; Экономика жана башкаруу илимдери тармагына кирген экономика, менеджмент, каржы, саясат таануу, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик укук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, урбанизация, социалдык кызматтар, эл аралык мамилелер, финансы, эконометрика, туризм, тышкы соода, логистика, маалымат тутумдарын башкаруу, айыл чарба экономикасы, саламаттыкты сактоо экономикасы, индустриалдык инженерия, инженердик экономика жана башка экономика, менеджмент, саясат жана башкаруу илимдерине байланышкан дисциплиналар аралык темаларда жазылган докладдар кабыл алынат.
Симпозиумда кабыл алынган докладдардын кыскача мазмундары (аннотациялары) ISBN номери бар кыскача мазмундар китепчесинде жана толук тексттери болсо ISBN номери бар электрондук докладдар жыйнагында жарыяланат. Мындан тышкары, докладдардын толук тексттери, катышуучунун каалоосуна жараша эл аралык индекстерге ээ “JAVStudies” (түрк жана англис тилинде) жана “Реформа” (түрк, англис, кыргыз жана орус тилинде) журналдарында акысыз жарыяланат. Журналдарга жарыялана турган докладдардын толук тексттери журналдардын макала даярдоо эрежелерине ылайык редактордун көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, эки рецензент тарабынан бааланат жана кабыл алынган макалалар жөнөтүү тартибине ылайык кийинки чыгарылышта же атайын чыгарылышта акысыз жарыяланат.
Симпозиумга улуттук жана эл аралык деңгээлде экономика жана башкаруу тармагында иштеп жаткан илимпоздор, жетекчилер, билим берүү жаатындагы адистер, окутуучулар, студенттер жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген өкүлдөр катыша алышат. Кыргыз-Түрк Манас университети тарабынан уюштурулуп, онлайн режимде өтө турган Экинчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинде сиздерди арабызда көрүүдөн кубанычта болобуз.
КОНГРЕССТИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Биринчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгресси 2019-жылы Түркиянын Шырнак университетинде JAVScongress уюму менен бирге, көп сандагы катышуучулардын (200дөн ашуун) катышуусу менен, Шырнак губернаторлугунун, Дижле өнүктүрүү агенттигинин, Шырнак Соода-өнөр жай палатасынын колдоосунда бетме-бет жана бир сессия онлайн режимде өткөрүлгөн. Биринчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин докладдар жыйнагы, сүрөттөр ж.б. тууралуу толук маалымат үчүн басыныз.