International Congress on Economics and Administrative Sciences  JAVSCONGRESS ULUSLARARASI İKTİSADİ VE İDARİ BİLİMLER KONGRESİ

Катталуу жана аннотация жиберүү үчүн бул жерди басыңыз.


Үчүнчү эл аралык экономика жана башкаруу илимдери конгресси

Урматтуу илимпоздор;

Сиздерди 2023-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинде уюштурулуп жаткан Үчүнчү эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессине чакырабыз.

Үчүнчү эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин максаты илимпоздордун изилдөөлөрүнө жана илимий иштерине сапаты жагынан жогорку деңгээлдеги салым кошуу, дисциплиналар аралык иштөө чөйрөсүн түзүү, теориялык жана колдонмо тармакта тажрыйба алмашуу, жана ошондой эле, экономика жана башкаруу илимдери жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо. Докладдарды түрк, англис, кыргыз жана орус тилдеринде даярдоого болот. Катышуучулар илимий иштерин оозеки офлайн жана онлайн түрдө 15 мүнөттүн ичинде баяндайт.

Ислам экономикасы, исламдык финансы жана исламдагы саясий ой аттуу негизги теманын алкагында; экономика жана башкаруу илимдери тармагына кирген экономика, менеджмент, каржы, саясат таануу, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик укук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, урбанизация, социалдык кызматтар, эл аралык мамилелер, финансы, эконометрика, туризм, тышкы соода, логистика, маалымат тутумдарын башкаруу, айыл чарба экономикасы, саламаттыкты сактоо экономикасы, индустриалдык инженерия, инженердик экономика жана башка экономика, менеджмент, саясат жана башкаруу илимдерине байланышкан дисциплиналар аралык темаларда жазылган докладдар кабыл алынат.

Симпозиумда кабыл алынган докладдардын кыскача мазмундары (аннотациялары) ISBN номери бар кыскача мазмундар китепчесинде жана толук тексттери болсо ISBN номери бар электрондук докладдар жыйнагында жарыяланат. Мындан тышкары, негизги темага байланыштуу докладдардын толук тексттери, катышуучунун каалоосуна жараша, эл аралык китеп бөлүмү катары, же болбосо эл аралык индекстерге ээ “JAVStudies” (түрк жана англис тилинде) жана “Реформа” (түрк, англис, кыргыз жана орус тилинде) журналдарында акысыз жарыяланат. Журналдарга жарыялана турган докладдардын толук тексттери журналдардын макала даярдоо эрежелерине ылайык редактордун көзөмөлүнөн өткөндөн кийин, эки рецензент тарабынан бааланат жана кабыл алынган макалалар жөнөтүү тартибине ылайык кийинки чыгарылышта же атайын чыгарылышта акысыз жарыяланат.

Симпозиумга улуттук жана эл аралык деңгээлде экономика жана башкаруу тармагында иштеп жаткан илимпоздор, жетекчилер, билим берүү жаатындагы адистер, окутуучулар, студенттер жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген өкүлдөр катыша алышат. Кыргыз-Түрк Манас университети тарабынан уюштурулуп, офлайн жана онлайн режимде өтө турган Үчүнчү эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинде сиздерди арабызда көрүүдөн кубанычта болобуз.

КОНГРЕССТИН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Биринчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгресси 2019-жылы Түркиянын Шырнак университетинде JAVScongress уюму менен бирге, көп сандагы катышуучулардын (200дөн ашуун) катышуусу менен, Шырнак губернаторлугунун, Дижле өнүктүрүү агенттигинин, Шырнак Соода-өнөр жай палатасынын колдоосунда бетме-бет жана бир сессия онлайн режимде өткөрүлгөн. Биринчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин докладдар жыйнагы, сүрөттөр ж.б. тууралуу толук маалымат үчүн басыныз.

Экинчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгресси 2021-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинде көп сандагы катышуучулардын катышуусу менен, офлайн жана онлайн режимде өткөрүлгөн. Экинчи эл аралык Экономика жана башкаруу илимдери конгрессинин докладдар жыйнагы, сүрөттөр ж.б. тууралуу толук маалымат үчүн басыңыз.

ДАТАЛАР

  • Докладдын кыскача мазмундарын кабыл алуунун башталышы: 18.09.2023
  • Докладдын кыскача мазмундарын кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 20.11.2023
  • Кабыл алынган докладдардын кулактандырылуусу: 21.11.2023
  • Катышуу акысын төлөөнүн акыркы мөөнөтү: 23.11.2023
  • Конгресстин программасынын жарыяланышы:25.11.2023
  • Конгресстин күнү: 28-29.11.2023
  • Электрондук докладдар жыйнагына докладдардын толук текстин тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 11.12.2023
  • Журналдарга жана китеп бөлүмдөрүнө жарыялоо үчүн макалаларды жиберүүнүн мөөнөтү: 1-31.12.2024
  • Докладдардын кыскача мазмундарынын басылып чыгарылышы: 15.12.2023
  • Электрондук докладдар жыйнагынын басылып чыгарылышы: 29.12.2023
  • Эл аралык китептин басылып чыгарылышы: Февраль 2024-ж.
  • Макалалардын Журналдарда жарыяланышы: 2024-ж.


Негизги баяндамачылар - конгресске катышуучу коноктор

Prof. Dr. Adem ESEN
Istanbul University, Turkiye



Prof. Dr. Servet BAYINDIR
Istanbul Sabahattin Zaim University, Turkiye


Assoc. Prof. Dr. Murniati MUKHLISIN
Tazkia University, Indonesia


Prof. Dr. Yasin AKTAY
Ankara Yildirim Beyazit University, Turkiye


Prof. Dr. Ahmet TABAKOGLU
Istanbul Sabahattin Zaim University, Turkiye



Prof. Dr. M. Ishaq BHATTI
La Trobe University, Australia




Prof. Dr. Ibrahim Guran YUMUSAK
Istanbul Sabahattin Zaim University, Turkiye


Prof. Dr. Ibrahim Halil SUGOZU
Kyrgyz-Turkish Manas University, Kyrgyzstan


Prof. Dr. Muhammad AYUB
Riphah International University, Pakistan




Prof. Dr. Mahmut Hakkı AKIN
Istanbul Medeniyet University, Turkiye




Assoc. Prof. Dr. Muhammed MARUF
Kirsehir Ahi Evran University, Turkiye



Assoc. Prof. Dr. Suleyman AKDEMIR
Istanbul Yeni Yuzyil University, Turkiye



Assoc. Prof. Dr. Necmettin CALISKAN
Hatay Mustafa Kemal University, Turkiye

Assoc. Prof. Dr. Harun BEKIROGLU
Malatya Inonu University, Turkiye

Assoc. Prof. Dr. Bekir GUNDOGMUS
Bandirma Onyedi Eylul University, Turkiye

Assoc. Prof. Dr. Abdullah AYDIN
Nigde Omer Halisdemir University, Turkiye

Prof. Dr. Abu Umar Faruq AHMAD
United International University, Bangladesh

Assoc. Prof. Dr. Ali YUKSEK
Ondokuz Mayıs University, Turkiye


Assoc. Prof. Dr. Abdulkadir ATAR
Marmara University, Turkiye


Assoc. Prof. Dr. Suna AKTEN ÇÜRÜK
Necmettin Erbakan University, Turkiye

Lect. Suerkul ABDYBALY TEGIN
Kyrgyz-Turkish Manas University, Kyrgyzstan

Dr. Hasan KAZAK
Necmettin Erbakan University, Turkiye


Dr. Ahmet KOROGLU
Istanbul University, Turkiye



Dr. Razli RAMLI
University of Technology, Malezya


Dr. SM Mohamed ISMAIL
South Eastern University of Sri Lanka


PhD. cand. Abdurashid DJORAEV
Kyrgyz-Turkish Manas University, Kyrgyzstan

Dr. Öğr. Üyesi İrfan ERSİN
Istanbul Medipol University, Turkiye